
Жарыяланган
2025-18-09, 16:08УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас шаары кылып өзгөртүү боюнча өз пикирин билдирди.
Анын айтымында, бул идея ага таандык деп айтууга болот. Ошондой эле, элдин дагы суроолору болду.
“Жалал-Абад жаман аталыш эмес, бирок мындай аталыш Индонезия, Пакистан, Индияда да бар. Ал эми Манас — бир гана кыргыздарга тиешелүү," — деди ал.
Коомчулуктагы Таласты Манас кылып өзгөртсө болмок деген пикирлерге жооп берип, Манас — бул жалгыз таластыктардын эмес, бүтүндөй кыргыз элинин баатыры экенин белгиледи.
Ошондой эле ал Манас шаары борбор болот деген сөздөр чындыкка дал келбей турганын, мындай маселе көтөрүлсө эл өзү чечерин айтты.
Ташиев Манас облусу болот деген маалыматтар боюнча да комментарий берип, облус мурунку аталышын сактап, өзгөртүү болгону шаарга гана тиешелүү болорун кошумчалады.

