Akchabarsearch
Жалал-Абад эмне себептен башка аймактарга караганда тез өнүгүүдө?

Жарыяланган

2025-18-09, 17:23

Жалал-Абад эмне себептен башка аймактарга караганда тез өнүгүүдө?

УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусу Кыргызстандагы башка аймактарга салыштырмалуу эмне себептен тез өнүгүп жатканын түшүндүрдү . 

Анын айтымында, бул — жергиликтүү башкаруу органдарынын ыкчам жана жоопкерчиликтүү иши менен байланыштуу.

Мисал катары ипотекалык үйлөрдү куруу демилгесин келтирип, шаар бийлиги жер маселесин дароо чечип, тапшырманы так аткарганын белгиледи. Ошондой эле шаар күн сайын жаңы идеяларды иштеп чыгып жатканын кошумчалады.

Ташиев 2020-жылдан бери Жалал-Абад шаарында бир мэр иштеп жатканын, ал эми башка аймактарда тескерисинче — мэрлер жана губернаторлор тез-тез алмашып, башкарууда туруктуулук жок. Алар тапшырмаларды жарым-жартылай аткарып, демилге көтөрүүдөн качышат.

Ошондой эле төрага Токмок жана Кара-Балта шаарларына миллиард сом бөлүнгөнүнө карабастан, каражат максатсыз пайдаланылганын билдирди. Ал эми, ошол эле учурда Жалал-Абадга үч жыл мурда миллиард сом каражат бөлүнгөнүн, алар эффективдүү пайдаланганын белгиледи. Ушундан улам быйыл шаарга 5 миллиард сомдой каражат бөлүнгөн.

Ал учурда Жалал-Абадда өлкөдөгү эң ири филармония, спорт ордосу, кардиология борбору жана Президенттин атындагы мектеп курулуп жатканын маалымдады.

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаары башка облустарга үлгү болушу керек деп эсептейт.
 


Тектеш материалды окуу