Akchabarsearch
Кыргызстандын мектептеринде балдар менен иштөөчү инспекция кабинеттери ачылат
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2025-17-02, 09:10

Кыргызстандын мектептеринде балдар менен иштөөчү инспекция кабинеттери ачылат

Кыргызстандын мектептеринде жашы жете электер менен иштөөчү инспекциянын кабинеттери ачылат. Мындай чечимге Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева келишти.

Бул ата-энелер жана мугалимдер үчүн инспекторлордун жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Конфликттик кырдаалга жол бербөө процессин тездетип, буллингди, зомбулукту жана мыйзамсыз иштерди аныктоого мүмкүндүк берет күтүлүүдө.


Тектеш материалды окуу