Akchabarsearch
Кыргызстандын мурдагы жарандарына өлкөгө визасыз кирүү укугун берүү сунушталууда

Жарыяланган

2026-14-01, 10:05

Кыргызстандын мурдагы жарандарына өлкөгө визасыз кирүү укугун берүү сунушталууда

Кыргызстандын мурдагы жарандарына өлкөгө визасыз кирүү укугун берүү сунушталууда. Бул тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду. 

Маалыматка ылайык, долбоордун демилгечиси депутат Бактыяр Калпаев.

Мыйзам долбоорунда Кыргызстандын аймагына виза тариздебестен кирүүгө, чыгууга, транзит менен өтүүгө жана мөөнөтү чектелбестен жүрүүгө укуктуу болот деп жазылган. 

“Кирүү жана жүрүү тартиби министрлер кабинети тарабынан белгиленет. Аталган адамдар миграция чөйрөсүндөгү жана чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө мыйзамдын талаптары сактоого тийиш”, - деп жазылат документте.


Тектеш материалды окуу