Akchabarsearch
ТИМ Оман аркылуу 360 кыргыз жаран мекенине кайтарыла турганын билдирди

Жарыяланган

2026-04-03, 12:13

ТИМ Оман аркылуу 360 кыргыз жаран мекенине кайтарыла турганын билдирди

5-мартка караган түнү Бириккен Араб Эмирликтеринде жүргөн кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн Оман Султандыгы аркылуу эки репатриациялык каттам уюштурулат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Айрым техникалык кыйынчылыктарга жана аймактагы татаал кырдаалга карабастан, министрлик жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр коопсуз аба коридорун макулдашууга жетишти.

Миссиянын алкагында эки каттам аркылуу болжол менен 360 жаран (ар биринде 180 жүргүнчү) мекенине кайтарылат. 

Бул каттамдарда аялдарга, балдарга жана карыларга артыкчылык берилет.


Тектеш материалды окуу