
Жарыяланган
2026-16-07, 13:242026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын жалпы көлөмү 6.3 млрд долларды түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1%га көп.
Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр менен болгон соодасы 2.4 млрд долларга жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 6%га өстү.
Бул мезгилде ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт 3.2%га азайса, импорт 8.3%га көбөйгөн.
Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасында эң чоң үлүш Россияга жана Казакстанга туура келет. Тактап айтканда, Россиянын үлүшү 67.8%, ал эми Казакстандын үлүшү 29.8% түздү.

