Akchabarsearch
Кыргызстанга 861.2 млн сомго сыра импорттолду

Жарыяланган

2025-21-10, 17:09

Кыргызстанга 861.2 млн сомго сыра импорттолду

Кыргызстан быйыл сегиз айда чет жактан 10.3 млн литрдей сыра импорттоду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Өлкөгө сыра 14 мамлекеттен ташып келинип, анын баасы 861.2 млн сомго жеткен.

Сыранын 92%дан ашыгы Россиядан (6.85 млн литр) жана Казакстандан (2.7 млн литр) сатып алынган.

Кыргызстанга сыра саткан өлкөлөрдүн катарында дагы Грузия, Испания , Италия, Латвия, Литва, Беларусь, Бельгия, Германия, Мексика, Улуу Британия, Чехия жана Нидерланд бар. Бул өлкөлөрдөн 757 миң литрдей сыра импорттолгон. 


Тектеш материалды окуу