Жарыяланган
2025-21-10, 15:58Каржы министрлиги 24-октябрда эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып, 800 млн сом карыз алат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.
Буга чейин, 10-октябрда облигация чыгаруу менен министрлик дээрлик 875 млн 941 миң сом карыз алган.
Белгилей кетсек, 20-октябрга карата Каржы министрлигинин 2 жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча 8.933 млрд сом карызы бар.