
Жарыяланган
2025-25-11, 14:40Кыргызстанга 9 айда 251 миң 423 тонна буудай импорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.
Ага ылайык, быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстан 51 миллион 796 миң долларга буудай сатып алган. Казакстандан 166 миң 720 тонна, Россиядан 81 миң 910 тонна, Армениядан 2 миң 792 тонна буудай импорттолгон.
Былтыркы жылдын 9 айында өлкөгө 54 миллион 113 миң долларга 260 миң 69 тонна буудай келген.

