
Жарыяланган
2026-24-04, 09:54Кыргызстанга балык уулоочу торлорду мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Кытайдан өлкөдөгү “Кант” убактылуу сактоочу кампага “М.Л.” аттуу фирманын атына жүк ташыган унаа келген. Коштомо документтерде, унаадагы жүк эмерек, идиш-аяктар экени көрсөтүлгөн.
Бирок унаадан 18 кг болгон синтетикалык торлор табылган.
Мыйзамга ылайык, өлкөгө синтетикалык балык уулоочу торлорду жана электр кайырмактарды алып келүүгө тыюу салынган. Ага байланыштуу табылган торлор алынган. Эми “М.Л.” фирмасына мыйзамга ылайык чара көрүлөт, торлор жок кылынат.



