
Жарыяланган
2026-24-04, 11:24Кыргызстанда электрондук тамекини ташып келүүгө салынган тыюу салууну узартуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору Экономика министрлиги тарабынан коомдук талкууга чыгарылды.
Министрлик маалыматы боюнча, 2025-жылдын 1-июлунда өлкөдө электрондук тамекини импортоого, сатууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Ошол эле жылдын 22-декабрында өкмөт электрондук тамекини ташып кирүүгө тыюу салган токтом чыгарган. Эми ошол тыюу салууну дагы 6 айга узартуу пландалууда.
2024-жылы Кыргызстанга 61 тонна электрондук тамеки ташып келинсе, 2025-жылы 12.4 тонна импорттолгон. Анын көбү Кытайдан келген.
Ал эми жанагы тыюу салуу киргизилгенге байланыштуу быйыл өлкөгө электрондук тамеки ташып келинген эмес (расмий маалыматы боюнча).
Мындай чара жарандардын ден соолугун коргоо үчүн көрүлүүдө.



