Akchabarsearch
Талас шаарында 21.6 млн сомго сейил бак курулууда

Жарыяланган

2026-24-04, 14:25

Талас шаарында 21.6 млн сомго сейил бак курулууда

Талас шаарында борбордук сейил багы курулууда. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 21.6 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Долбоорду ишке ашыруу шаардын инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган. Курулуш-монтаждоо иштери “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Башкы планга ылайык, сейил бактын аянты 1.5 гектарды түзүп, анда 8 аттракцион, оргума, эс алуу аймактары, унаа токтотуучу жай жана көрктөндүрүү иштери каралган.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери 80%га аткарылып, учурда тышкы жарыктандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

 


Тектеш материалды окуу