
Жарыяланган
2026-24-04, 13:05Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акысынан пенсиялык төгүмдөр кармалган кыргызстандыктар мекенине кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду билдирди.
Бүгүнкү күнгө карата Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан бир жолку төлөмдү алуу үчүн 144 жарандан кайрылуу түшкөн. Алардын ичинен 107 кишиге акчасы берилген.
Дагы 37 киши чечимди күтүүдө.
Бир жолку төлөмдүн орточо суммасы 3789 долларды түзгөн.



