
Жарыяланган
2026-24-04, 15:22Коомдук жайларда кайырчылык кылгандар эми 20–30 саат коомдук иштерге тартылат же 3 суткага чейин камакка алынат. Эгер кайра кайталанса — 40 саатка чейин иш же 5 суткага чейин камак берилет. Бул мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Эгер мындай мыйзам бузуу чет өлкөлүк жаран тарабынан кайталанса, ал өлкөдөн чыгарылат.
Ошондой эле улгайган адамдарды, майыптыгы бар жарандарды, кош бойлуу аялдарды же психикалык оорулууларды кайырчылыкка мажбурлагандарга 20 миң сом айып пул салынат. Чет өлкөлүктөр бул эрежени кайра бузса, алар да өлкөдөн чыгарылат.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөлүктөр эми документтери жок же өлкөдө мыйзамсыз жүргөнү үчүн гана эмес, кайырчылыкка байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн да жоопко тартылат.
Мындан тышкары, милиция кайырчылык үчүн кармалган жарандар тууралуу маалыматты социалдык кызматтарга өткөрүп берет. Алар бул адамдарга жардам көрсөтүү үчүн шартын текшерет.
Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет. Министрлер кабинети 6 ай ичинде бардык документтерин жаңы мыйзамга ылайыктап чыгышы керек.



