
Жарыяланган
2026-24-04, 17:18Быйыл эки айда Кыргызстанга 48.7 млн сомго акиташ импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Өлкөгө январь-февраль айларында 4.6 миң тоннага жакын акиташ ташып келинген.
Акиташ Кыргызстанга үч өлкөдөн импорттолгон: Казакстан (3.8 миң тонна), Өзбекстан (529 тонна) жана Кытай (216.9 тонна).
Былтыр январь-февраль айларында Кыргызстанга 3.8 мин тоннадай акиташ импорттолгон.



