Akchabarsearch
Экология министрлиги көлгө шагыл төктү делген компанияларды текшерип барды

Жарыяланган

2026-24-04, 18:02

Экология министрлиги көлгө шагыл төктү делген компанияларды текшерип барды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ысык-Көлдүн Тамчы айылында көлдүн жээгине шагыл-топурак төгүп жатканы айтылган «Елизавета», «Урпак Резорт» жана «Авангард Стиль» компанияларын пландан тышкары текшерүүгө барды. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди. 

Белгилүү болгондой, буга чейин активист Эртай Искаков курулуш компаниялар көл жээгине шагыл төгүп жатканын, бул экологияга терс таасирин тийгизе турганын айтып чыккан. 

Бул билдирүүгө карата Курулуш министрлиги аталган компаниялар көлдүн саздак жерине гана шагыл-топурак төгүп жатканын, шагылды көлгө төгүп, жээктин аянтын чоңойтпогонун, тиешелүү уруксат алып иштеп жатканын билдирген. Экологиялык коопсуздук боюнча бардык талаптар сакталып жатканын кабарлаган. 

Бул маселеге  байланыштуу Экология министрлиги курулуш жүрүп жаткан жерге текшерүү менен барган. Анын жүрүшүндө көлгө шагыл төгүлүп, жээктин аянты өзгөргөнбү текшерилүүдө. 

Ошондой эле компаниялардан суу коргоо аймагында жана сууда курулуш жүргүзүүгө уруксат документтери суралган. Бирок министрлик билдиргендей, текшерүү жүрүп жаткан маалда компаниялар талап кылынган документтерди көрсөткөн эмес. 
 


Тектеш материалды окуу