Akchabarsearch
Депутат жарандарды Россиядан башка өлкөлөрдө да иштөөгө шарт түзүүнү сунуштады

Жарыяланган

2026-24-04, 13:44

Депутат жарандарды Россиядан башка өлкөлөрдө да иштөөгө шарт түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин “Ишеним” тобунун жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев Эмгек министрлигине кыргызстандык жарандарга Россиядан да башка өлкөлөргө барып иштөөгө шарт түзүүгө үндөдү. 

Жыйында Сыдыгалиев Эмгек министрлигинин өкүлүнөн Кореяда канча кыргызстандык бар экенин сурады. Анын айтымында, учурда Кореяда 6 миңдей кыргызстандык жүрөт.

Депутат анын маалыматы боюнча Кореяда 8 миң кыргызстандык бар экенин айтып, коңшу Өзбекстандын 80 миң жараны Кореяда иштеп жатканын белгиледи. 

“Бизде эмне маселе болуп жатат? Ал жаккка барып иштесе болот экен да. Бир жылга, алты айга келишим тузүп иштеп барып келсе, айлыктары 2-3 миң доллар экен. Ушундай шарттарды түзүп бере албайсыздарбы”, - деди ал. 

Сыдыгалиев Кореяны мисал гана келтиргенин, жарандарды баша өлкөлөргө да барып иштөөсүнө шарт түзүүгө болорун айтты. 

Эмгек министрлигинин өкүлү алар жарандарды Кореяга жөнөтүп жатканын белгилеп, бирок канча кишини жөнөткөнүн тактап айткан жок. Ошондой эле Улуу Британияга 10 миңден ашык жаранды жумушка жөнөтүшкөнүн билдирди. 
 


Тектеш материалды окуу