Жарыяланган
2025-05-09, 18:29Мамлекеттик бажы кызматы бажы алымысыз ташып келүүгө боло турган электр унаалардын саны белгиленген чекке жакындап калганын билдирди.
Маалым болгондой, быйыл 10 миң электр унааны бажы алымысыз ташып келүүгө болот деп чек коюлган. 2-сентябрга карата өлкөгө 8 миң 558 электр унаа алынып келди. Дагы 1.4 миңден ашык унаа алымсыз киргизилет. Калгандарынан 15% бажы алымы алынат.