
Жарыяланган
2026-25-05, 17:17Кытай инвесторлору Кыргызстанда бир катар өндүрүш ишканаларын ачууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасында Гуандунь провинциясынан келген делегация менен болгон жолугушууда айтылды.
Жолугушууда кытайлык компаниялар Кыргызстанда тигүү фабрикаларын, курулуш материалдарын жана эмерек чыгаруучу ишканаларды ачуу ниетин билдиришти.
Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев инвесторлорго өндүрүш объектилерин Бишкек эркин экономикалык аймагына, ошондой эле Нарын, Ысык-Көл жана башка облустарга жайгаштырууну сунуштады.
Мындан тышкары, делегация Жалал-Абад облусунда мейманкана комплексин куруу боюнча туристтик долбоорду ишке ашырууну да карап жатканын маалымдады.
Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү чоң экенин белгилеп, өнөр жайды өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана инвестицияларды көбөйтүү багытында кызматташууну улантууга макулдашышты.

