Akchabarsearch
Россиялык инвестолор Чүйдө күн карама майын өндүрүүчү комбинат курууга кызыкдар

Жарыяланган

2026-18-05, 10:14

Россиялык инвестолор Чүйдө күн карама майын өндүрүүчү комбинат курууга кызыкдар

Россиянын Самара облусунун инвесторлору Чүй облусунун Ысык-Ата районунда май азыктарын өндүрүүчү комбинат куруу мүмкүнчүлүгүн карап жатышат. Бул долбоор айыл чарба министри Эрлист Акунбеков менен орусиялык делегациянын жолугушуусунда талкууланды.

Маалыматка ылайык, долбоор заманбап муздак рафинациялоо технологияларын колдонуу менен суткасына 400 тоннага чейин тазаланган күн карама майын өндүрүүнү карайт.

Тараптар долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана агроөнөр жай секторуна инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде Эрлист Акунбеков инвестициялык долбоорду ишке ашырууда ар тараптуу көмөк жана колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Мындай ишкананын ачылышы Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ. Күн карама майы социалдык мааниси жогору товарлардын катарына кирет жана анын баасы инфляцияга, ошондой эле калктын күнүмдүк чыгымдарына түздөн-түз таасир этет. Учурда өлкөдө ири кайра иштетүүчү ишканалар жок болгондуктан Кыргызстан өсүмдүк майынын көп бөлүгүн сырттан импорттойт.
 


Тектеш материалды окуу