Akchabarsearch
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2024-27-12, 12:55

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Бүгүн Жалал-Абад шаарында президент Садыр Жапаровдун жана Кытай менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда аталган темир жолдун курулушун баштоо аземи өттү.

Иш-чарада бул долбоор Кытай менен Европаны бириктирген темир жол болоору жана Борбор Азия мамлекеттерин өнүктүрүүгө салым кошору белгиленди.

Темир жол Кашкар – Торугарт – Макмал – Жалал-Абад – Анжиян багыты аркылуу өтөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 310 чакырымдан ашыгы Кыргызстандын аймагында болот.

Долбоордун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн.


Тектеш материалды окуу