
Жарыяланган
2025-18-11, 15:1319–20-ноябрда Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Сапар Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен уюштурулууда.
Визит учурунда өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар, Кулубаев менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Стратегиялык диалогдун биринчи жыйыны өтөт. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы маселелерин талкуулашат.
Сапардын соңунда эки өлкө кызматташтыгын кеңейткен бир нече документке кол коюлат.

