
Жарыяланган
2026-26-03, 15:20Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырып жаткан компаниянын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда маалымдалгандай, учурда долбоордук документтер такталып, курулуш иштери активдүү жүрүүдө. Аянттарда 5 миңден ашуун адам жана 5,6 миңден көп техника иштеп, тоннелдерди казуу, жер иштерин жүргүзүү жана көпүрөлөрдү куруу иштери аткарылууда. Бүгүнкү күнгө чейин 3,5 млн куб метрден ашык жер казылган.
Эрлист Акунбеков долбоорду ишке ашырууда коопсуздук жана экологиялык талаптарды так сактоо зарылдыгын белгилеп, Министрлер кабинети бардык керектүү колдоону көрсөтөрүн билдирди.



