
Жарыяланган
2026-17-06, 09:45Кыргыз мобилдик каттоо борбору (КМКБ) жарандарды мобилдик түзмөктөрүн сатып алардан мурун алардын каттоо абалын текшерүүгө чакырат жана катталбаган телефондорду сатып албоону, сатпоону жана колдонбоону эскертет.
Мобилдик түзмөктөрдү каттоо системасы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого, мобилдик түзмөктөрдүн мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жол бербөөгө жана Кыргыз Республикасындагы электрондук түзмөктөр рыногунда ачык-айкындыкты камсыз кылууга багытталган. Телефонуңуздун каттоосун *060# номерин терүү менен, же болбосо imei.kg сайты аркылуу текшере аласыз. Мындай айрыкча жеке адамдардан же онлайн платформалар аркылуу телефон сатып алууда, түзмөктү сатып алганга чейин текшерүүнү жүргүзүү сунушталат.
Эгерде сизде кандайдыр бир суроолор болсо, борбордун адистери колдоо көрсөтүүгө даяр:
Кыргыз мобилдик каттоо борбору эскертет: катталбаган мобилдик түзмөктөрдү сатып алуу, сатуу жана колдонуу терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ошондуктан сатып алганга чейин, түзмөктүн катталганын жана Кыргызстандын байланыш операторлорунун тармактарында толук иштеп жатканын текшерүү маанилүү.


