Akchabarsearch
Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык форумуна катышат
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2026-15-06, 09:47

Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык форумуна катышат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 16-17-июнда иш сапары менен Өзбекстандын Ташкент шаарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Иш сапарынын алкагында Касымалиев Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.

Иш-чаранын алкагында ал Өзбекстандын расмий жогорку кызмат адамдары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, форумга катыша турган делегация башчылары менен биргеликте Борбор Азия эл аралык көргөзмө борборуна (Central Asian Expo) барып бизнес аянтчанын ишмердүүлүгү, ошондой эле Ислам цивилизациясынын борборунда тарыхый булактар менен таанышат.


Тектеш материалды окуу