
Жарыяланган
2026-29-07, 13:17Мурда үйүнө газ тартууга жарандарга 8% менен насыя берилсе, азыр 3% менен берилүүдө. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, насыянын пайыздарын түшүрүү тууралуу өкмөттүн буйругу быйыл 20-апрелде чыккан.
Ага ылайык, жарандарга үйүнө газ тартууга 3% менен 150 миң сомго чейин жеңилдетилген насыя берилет.
Азыркы тапта Бишкекте ала турган болсок, 54 конушка газтартылган. Жалпы 54 миңден ашык абонент газга кошулган. Алардын ичинен 33 миң үй газ менен жылытылат.
Конуштарга газ тартуу менен көмүр орточо 100 миң тоннага аз жагыла баштаган.



