
Жарыяланган
2026-29-07, 12:56Өткөн күнү Кыргызстанда 46.2 млн кВт/саатка жакын электр энергия колдонулду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 29-июлга карата өлкөнүн энергетика тутуму штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок.
Алдыдагы кыш мезгилине карата электр тармактарынын объектилеринде пландуу оңдоо иштери улантылууда.
“Пландуу оңдоо иштеринин графиги менен керектөөчүлөр «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын расмий сайты www.nesk.kg, ошондой эле «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу тааныша алышат”, - деп айтылат маалыматта.



