
Жарыяланган
2026-29-06, 18:26Бишкектеги үч мектеп жана эки бала бакчаны жылыткан беш көмүр отканасы жылуулук насосторуна өткөрүлүп болжол менен 8 млн сомго чейин үнөмдөлдү. Бул тууралуу ачык кабинеттин жүрүшүндө «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын директору Улан Айтиев билдирди.
Анын айтымында, жаңы система бир жылытуу сезонунда 385 тонна көмүрдү үнөмдөөгө мүмкүндүк берген.
Бул беш откананын бири борбордогу №118 мектепте жайгашкан. Айтиевдин айтымында, 2025–2026-жылкы жылытуу сезонунда мектепке орнотулган 18 жылуулук насосунун сегизи гана иштеген. Ошого карабастан, жаңы система биринчи эле жылытуу сезонунда өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөн.
«Көмүр жагуу токтогондуктан абага чыккан зыяндуу түтүн азайды. Ошол эле учурда жылытууга кеткен чыгымдар да кыскарды», — деди Айтиев.
Ал белгилегендей, жылуулук насосу кондиционер сыяктуу иштейт. Ал сырткы абадан жылуулукту алып, аны сууга өткөрөт. Андан соң ошол суу мурдагы жылытуу түтүктөрү аркылуу мектепке жылуулук берет.
Система толугу менен автоматташтырылган. Температураны компьютер же телефон аркылуу аралыктан жөнгө салууга болот.


