
Жарыяланган
2026-30-07, 15:05Нарындын Кочкор районунда өстүрүлгөн “айсберг” салат жалбырагы экспортко кетүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, Кыргыз-Чех биргелешкен «Экотер» агро компаниясы министрликтин “Мамасыл тукум” чарбасынан 20 гектар жерди ижарага алып, анын 12 гектарына “айсберг” салатын тиккен. Компания сугат үчүн тамчылатып сугаруу технологиясын колдонууда.
Учурда компания түшүмүн жыйноого киришип, гектарынан орточо 30 тонна алууда.
Жыйналган түшүм өлкө ичинде эле сатылбастан, коңшу өлкөлөргө да экспорттолуп жатат.



