Akchabarsearch
Коммерциялык банктардын бирине 268 миң сом айып пул салынды

Жарыяланган

2026-02-02, 16:49

Коммерциялык банктардын бирине 268 миң сом айып пул салынды

Коммерциялык банктардын бирине 268 миң 711 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттүү камдык талаптарды сактаган жок.

2025-жылдын  29-декабрынан 2026-жылдын 25-январына чейинки базалык мезгил аралыгында талаптар сактаган эмес. 

Улуттук банк коммерциялык банктын атын көрсөткөн эмес.


Тектеш материалды окуу