Akchabarsearch
Мыйзам долбоору: Айыппул боюнча бересеси барлар аны төлөмөйүнчө үй сатып ала албайт

Жарыяланган

2026-13-03, 14:18

Мыйзам долбоору: Айыппул боюнча бересеси барлар аны төлөмөйүнчө үй сатып ала албайт

Ички иштер министрлиги айып пул төлөбөй жүргөн жарандар менен юридикалык жактар үчүн бир катар чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды, азырынча кабыл алына элек.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2025-жылы өлкөдө мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан жарандар менен ишкана-мекемелерге укук бузуулар тууралуу 1 млн 400.7 миң протокол түзүлүп, айыппул салынган. Анын ичинен 203.8 миң протокол (20%) боюнча айыппулдар төлөнгөн эмес. Мындан улам ИИМ айыппул боюнча бересеси барларды карызын төлөтүү үчүн бир нече чектөө коюуну көздөп жатат.

Азыркы мыйзамдагы норма боюнча жаран жол эрежесин бузганы үчүн айыппулду төлөгөн эмес болсо, аны төлөмөйүнчө, жаран алып жаткан унааны өз атына каттай албайт же унаасын сата албайт (кайра каттоого тыюу салынат). Ошондой эле мыйзамда жол эреже бузганы үчүн салынган айыпты төлөбөгөндөргө айдоочулук күбөлүк берилбейт деп каралган. 

Министрликтин сунушуна ылайык, эми Укук бузуулар кодекси боюнча салынган кандай гана (көчөдө тамеки чеккени үчүн, таштанды ыргытканы үчүн ж.б.) айыппул болбосун, аны төлөмөйүнчө жанагыдай чектөөлөргө туш болот: унааны каттоого, кайра каттоого болбойт, айдоочулук күбөлүк ала албайт.  

Ошондой эле айыппул боюнча карызы барлар, аны төлөмөйүнчө: 

- кыймылсыз мүлк (жер тилкесин, үйүн) сатып ала албай калат, тактап айтканда, жаран үй сатып алып жатса, аны өз атына каттай албай калат.
- лицензия же уруксат алып иштегендерге, аталган документтер берилбейт, узартылбайт
же убактылуу токтотулат.

Бул чектөөлөр ИИМ тарабынан гана эмес, жалпы эле мамлекеттик органдар тарабынан салынган айыппулду төлөбөй жүргөндөргө тиешелүү болот. Аталган чектөөлөр айыппул төлөнгөндөн кийин алынат.

Аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга гана чыгарылды, азырынча кабыл алына элек.


Тектеш материалды окуу