akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-05-05, 14:56

    "Коопсуз шаар": Үч айда бюджетке 305,6 млн сом түштү

    "Коопсуз шаар" долбоору боюнча быйыл январь-март айларында былтыркы жылдын үч айына караганда 80 млн 769,8 миң сомго көп акча түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.

    Маалым болгондой, быйыл үч айда "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында бюджетке 305 млн 575,3 миң сом айыппул төлөнгөн. Ал эми былтыр январь-мартта 224 млн 805,4 миң сом түшкөн.  


    Тектеш материалды окуу