
Жарыяланган
2025-27-11, 15:27Быйыл январь–октябрь айларында өлкөнүн бюджетине кумар оюн бизнесинен — казино, букмекердик конторалар, оюн автоматтары жана онлайн-казинолордон — жалпы 383.3 млн сом салык түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.
Бул сумманын негизги бөлүгүн — 364.6 млн сомду казинолор берген. Ошондой эле оюн автоматтарынан 6.27 млн сом, букмекердик контора жана тотализаторлордон 6 млн сом, онлайн-казинолордон 6.5 млн сом түшкөн.
Салыштырсак, 2024-жылдын ушул мезгилинде оюн бизнесинен түшкөн акча кыйла аз — 232.6 млн сом болгон. Анын ичинде: казинолордон — 221 млн сом, оюн автоматтарынан — 1.58 млн сом, букмекерлерден — 10 млн сом, онлайн-казинодон — болгону 30.5 миң сом түшкөн.

