Akchabarsearch
Кумар оюндарынан бюджетке 425 млн сомдой каражат түштү

Жарыяланган

2026-06-01, 15:03

Кумар оюндарынан бюджетке 425 млн сомдой каражат түштү

2025-жылдын январь — ноябрь айларында өлкө бюджетине кумар оюндарынан түшкөн салык 424 миллион 842 миң сомду түздү.

Бул каражаттын басымдуу бөлүгү казино тармагынан түшкөн — 404.7 миллион сом, бул жалпы кирешенин 95%дан ашыгын түзөт.

Ал эми башка тармактардан келген кирешелер төмөнкүдөй:

•    оюн автоматтары — 7.1 миллион сом;
•    букмекердик кеңселер жана тотализаторлор — 6.5 миллион сом;
•    онлайн жана виртуалдык казино — 6.6 миллион сом.

Салыштырсак, 2024-жылдын январь — ноябрь айларында оюн салыгынан түшкөн каражат 271.2 миллион сомду түзгөн.

 


Тектеш материалды окуу