
Жарыяланган
2026-23-01, 17:11Эмгек министрлиги Россияга иштөө үчүн барганы жаткан жарандарга migrant.kg чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун сайты аркылуу өздөрүн өлкөгө кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинен текшерип көрүүнү сунуштайт.
Россияда мыйзамдуу жүрүү үчүн Кыргызстандын жарандары 30 күндүн ичинде медициналык кароодон өтүп, манжа издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, убактылуу жашаган жери боюнча миграциялык каттоого турушу керек.
Москва жана Москва облусуна иштөө максатында барган жарандар миграциялык каттоого «Амина» тиркемеси аркылуу турушу зарыл, ал эми үй-бүлө мүчөлөрү жалпы тартипте катталат.
Мындан тышкары, эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүп, келишимдин негизинде 90 күндүн ичинде убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартып, миграциялык картага тиешелүү белги алууга тийиш.
