
Жарыяланган
2026-13-04, 15:35Эмгек министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү 2022-жылдын ноябрынан 2026-жылдын март айына чейин 1 миң 643 кыргыз жаранына төлөнбөй калган эмгек акыларын өндүрүп алууга көмөк көрсөттү.
Жалпы кайтарылган сумма 121 миллион 299 миң 200 рублди түздү.
Мындан тышкары, өндүрүштө жаракат алган 27 жаранга ден соолукка келтирилген зыян үчүн иш берүүчүлөрдөн компенсация өндүрүп алууга жардам берилди. Бул багытта жалпы 27 миллион 772 миң рубль төлөнүп берилди.
Ошол эле мезгилде кыргызстандыктардын укуктарын коргоо максатында алардын 3 миң 711 кайрылуусу каралып, Москва шаарынын жана Москва облусунун мамлекеттик органдарына 1 миң 291 жолу кайрылуу жасалды. Бул иштерге полиция, сот, прокуратура жана миграция кызматтары тартылган.
Мындан сырткары, өкүлчүлүк жарандарды жеке кабыл алып жана телефон аркылуу кеңеш берүү иштерин да активдүү жүргүздү. Жалпы 59 миң 292 адамга миграция мыйзамдары жана башка укуктук маселелер боюнча түшүндүрмө жана жардам көрсөтүлгөн.

