Akchabarsearch
Лебединовка-ГЭС 5 көпүрөсүн кеңейтүү иштери уланууда

Жарыяланган

2026-12-03, 17:49

Лебединовка-ГЭС 5 көпүрөсүн кеңейтүү иштери уланууда

Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна чыгууга багытталган Лебединовка-ГЭС 5 автожолундагы көпүрөнү кеңейтүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана комминикациялар министрлигинен билдиришти.

Учурда көпүрөнүн эки тарабындагы эски темир тосмолор жана асфальт катмары алынып, жаңыланган темир-бетон балкалар орнотулууда.

Жолдун Жибек-Жолу тилкесиндеги (0-360 м) жер жумуштары да уланууда, электр жана байланыш линиялары жылдырылууда. Курулуш иштерине байланыштуу аталган тилке 15-февралдан 20-апрелге чейин убактылуу жабык болот.

Реконструкциянын алкагында жолдун категориясы 2 тилкеден 4 тилкелүүгө өзгөрөт, жарыктандыруу орнотулат, учурдагы чоң көпүрөнүн эки тарабында тротуар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн кошумча көпүрө курулат. Лебединовка-ГЭС 5 автожолу жалпы 5,1 чакырым түзөт.


Тектеш материалды окуу