
Жарыяланган
2026-03-03, 16:02Ош шаарынын көчөлөрүн кеңейтүү иштеринин алкагында эски көпүрөлөр кеңейтилип, Сүйүнбаев жана Атабаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнү кайрадан куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан керектүү техникалар тартылып, курулуш иштери адистердин көзөмөлүндө.
Көпүрөнү бузуп, кайрадан куруу иштери ушул жылдын 12-февралында башталган. Жаңы көпүрөнүн узундугу 12,5 метрди, кенендиги 21,5 метрди түзөт. Адистер көпүрөнүн курулушун ыкчам жана сапаттуу бүткөрүү аракетинде.
Белгилей кетсек, аталган көчөлөр быйыл толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заман талабына жооп берген төрт тилкелүү жол түшмөкчү. Ага ылайык, бул аймакта жайгашкан башка көпүрөлөр да кеңейтилүүдө.

