Akchabarsearch
Өлкө аймагына тыюу салынган тамекини ташып кирүү фактысы аныкталды

Жарыяланган

2026-21-01, 18:09

Өлкө аймагына тыюу салынган тамекини ташып кирүү фактысы аныкталды

Өлкө аймагына тыюу салынган тамеки продукцияларын ташып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын  аймагына кирип келе жаткан автомашинадан 190 даана тыюу салынган түтүнсүз тамеки табылган.

Бул факты боюнча материалдар укуктук баа берүү жана процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.


Тектеш материалды окуу