
Жарыяланган
2026-23-01, 16:52Салык кызматы Манас шаарында тамеки продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактысын аныктады. Бул рейддик салык контролунун жүрүшүндө белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, шаардын борбордук базарынын аймагындагы жашыруун жайлардын биринен 6 миң 12 куту тамеки табылган.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча анын жалпы баасы 721 миң 440 сомду түзөт. Текшерүү учурунда тамекилерде тиешелүү коштомо документтер жана акциздик маркалар болгон эмес.
Аталган факты боюнча алгачкы процессуалдык документтер түзүлдү. Учурда материалдар укуктук баа берүү жана тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө даярдалууда.

