Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-25-10, 15:15

Өлкөдө 10 миң 750 ишкерге 7 млрд 780 млн сом пайызсыз насыя берилди

“Кичи, чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында 10 миң 750 ишкерге пайызсыз насыя берилди.

Каржы министрлигинен билдиришкендей, берилген каражаттын жалпы суммасы 7 миллиард 780 миллион сомду түздү.

Белгилеп кетсек, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашат.


Тектеш материалды окуу