Akchabarsearch
MEGA’дан MegaKassa: ишкер үчүн смартфондогу толук функционалдуу кассалык аппарат

Жарыяланган

2026-05-02, 15:30

MEGA’дан MegaKassa: ишкер үчүн смартфондогу толук функционалдуу кассалык аппарат

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору ишкерлерге салык органдарына маалыматтарды онлайн түрдө өткөрүү үчүн инновациялык чечим — MegaKassa аппаратын сунуштайт. Бул жөн гана контролдук-кассалык машина эмес. Бул заманбап, мобилдик жана тездик менен өнүгүп келе жаткан бизнестер үчүн иштелип чыккан, түз эле смартфонуңуздагы толук функционалдуу касса.

MegaKassa Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайык келип, контролдук-кассалык машинанын бардык функцияларын өзүнө камтыйт.

MegaKassa алуу менен ишкерлерде мындан ары кымбат баалуу жабдууларды сатып алуу же стационардык чекитке туташтыруу муктаждыгы болбойт. Кассалык аппарат Android жана iOS түзмөктөрүндө иштейт жана MegaPay POS терминалдары менен оңой интеграцияланат. Сизге болгону смартфон жана MEGA компаниясынан туруктуу байланыш керек.

Кызмат жакында эле колдонуучуга ого бетер ыңгайлуу болуп калды: колдонмонун жаңыланган лайт-версиясында жакшыртылган интерфейс жана жөнөкөйлөштүрүлгөн багыттама бар, бул кассалык аппаратты колдонууну мүмкүн болушунча тез жана түшүнүктүү кылат.

MegaKassa бардык кассалык процедураларды аткарат:

• маалыматтарды автоматтык түрдө сактоо жана системдештирүү,

• отчетторду түзүү,

• төлөмдөрдү фискалдыкташтыруу,

• бардык транзакциялар боюнча билдирүүлөр.

Бардык транзакциялар жана отчеттор сиздин жеке аккаунтуңузда https://lk.ofd.kg шилтемеси боюнча күнү-түнү жеткиликтүү. Эми өлкөнүн каалаган жеринен бизнесиңизди толук көзөмөлдөөгө болот.

MegaKassa жеке ишкерлер жана чакан бизнес үчүн, ошондой эле кардарлардын агымы көп болгон ири компаниялар үчүн да ылайыктуу. Кызмат чекене соодадан баштап тейлөө тармагына чейин белгилүү бир бизнестин муктаждыктарына оңой масштабдалат жана ыңгайлашат.

MegaKassaны кантип колдоно баштоо керек?

Кызматты активдештирүү үчүн, жөн гана керектүү документтер менен MEGA Сатуу жана тейлөө борборуна кайрылыңыз. Оператордун адистери сизге кассалык аппаратыңызды тез каттоого, орнотууга жана ишке киргизүүгө жардам берет — ашыкча кыйынчылыктарсыз жана убакытты текке кетирбейсиз.

MEGA’дан MegaKassa — технологиялар бизнес үчүн иштеп, ал эми бизнес чексиз өнүккөн учур.

КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР


Тектеш материалды окуу