Akchabarsearch
Өлкөдө 46 мамлекеттик автомектепте 4 миңден ашык курсант окуп жатат

Жарыяланган

2026-23-04, 18:10

Өлкөдө 46 мамлекеттик автомектепте 4 миңден ашык курсант окуп жатат

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 45 мамлекеттик автомектеп офлайн форматта, ал эми 1 автомектеп онлайн форматта иш алып барып жатат. Бул тууралуу "Акчабарга" унааларды каттоо борборуна караштуу Жол кыймылына уруксат берүү институту билдирди.

Маалыматка ылайык, офлайн форматта билим алып жаткан курсанттардын жалпы саны 2 миң 597 адамды түзөт.

Алардын аймактар боюнча бөлүнүшү төмөнкүдөй:

•    Бишкек шаары — 5 автомектеп, 280 курсант 
•    Чүй облусу — 7 автомектеп, 453 курсант 
•    Ысык-Көл облусу — 7 автомектеп, 393 курсант 
•    Нарын облусу — 3 автомектеп, 68 курсант 
•    Талас облусу — 4 автомектеп, 176 курсант 
•    Жалал-Абад облусу — 6 автомектеп, 419 курсант 
•    Ош шаары — 2 автомектеп, 254 курсант 
•    Ош облусу — 6 автомектеп, 293 курсант 
•    Баткен облусу — 5 автомектеп, 261 курсант 

Мындан тышкары, онлайн форматта 1 миң 507 курсант билим алып жатат.

Сабактар жумасына үч жолу ар кандай убакыттарда өткөрүлөт:

•    эртең менен: 09:00–11:00 
•    күндүз: 14:00–16:00 
•    кечинде: 18:00–20:00 

Учурда курсанттар теориялык сабактарды өтүүдө, ал эми практикалык окутууну уюштуруу маселеси тактала элек.
 


Тектеш материалды окуу