Akchabarsearch
“Унаа” мамлекеттик мекемеси автомектептердин окутуучуларын жолугушууга чакырды

Жарыяланган

2026-28-01, 17:47

“Унаа” мамлекеттик мекемеси автомектептердин окутуучуларын жолугушууга чакырды

“Унаа” мамлекеттик мекемеси автомектептердин окутуучуларын жолугушууга чакырды. Бул тууралуу аталган мекеменин фейсбук баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жолугушуу конструктивдүү жана узак мөөнөттүү кызматташууну түзүүгө багытталган.

Ошону менен катар эле мекеме бардык жеке автомектептердин мугалимдерин мамлекеттик автомектептерге тиешелүү багыттар боюнча жумушка кабыл алууга даяр экенин белгиледи.

Катышууну каалагандар бүгүн, 28-январь саат 20:00гө чейин 0755 106 055 телефонуна кайрылса болот.


Тектеш материалды окуу