
Жарыяланган
2026-04-02, 13:40Акыркы алты жатак абактарды жоюу боюнча чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.
Маалыматта демилге мамлекеттик башкаруу системасын бюрократиядан арылуунун алкагындагы реформанын бир бөлүгү экени айтылды.
2025-жылы тиешелүү кодекстерге жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилип, андан кийин колония-конуштардын биринчи тобу жабылган.
Быйылкы жылдын 28-январында мекемелердин экинчи тобун – № 26, 42, 43, 44, 45 жана 52-мекемелерди жоюу чечими кабыл алынды.
“Реформа пробация менен функцияларды кайталабастан, мамлекеттик каражаттарды рационалдуу пайдалануу жана жоюлуп жаткан мекемелердин кызматкерлеринин укуктарын милдеттүү түрдө сактоо менен натыйжалуу ыкманы ишке ашырууга багытталган”, - деп жазылат маалыматта.

