Akchabarsearch
Өлкөдө асыл тукум мал чарбаларынын жалпы саны 185ке жетти

Жарыяланган

2026-13-01, 10:27

Өлкөдө асыл тукум мал чарбаларынын жалпы саны 185ке жетти

Өлкөдө асыл тукум мал чарбаларынын жалпы саны 185ке жетти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.  

Маалыматка ылайык, асыл тукум мал чарбачылыгы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо жана экспорттук потенциалын жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.

Мал чарбачылыгынын жана жалпы малдын саны:  

  • Ири мүйүздүү асыл тукум мал чарбалары – 66, мал саны: 8 406 баш
  •  Асыл тукум кой чарбалары – 75, мал саны: 24 759 баш
  • Асыл тукум жылкы чарбалары – 35, малдын саны: 1 725 баш
  •  Асыл тукум эчки чарбалары – 5, малдын саны: 2 704 баш
  • Асыл тукум топоз чарбалары – 5, малдын саны: 1 224 баш
  • Асыл тукум канаттуулар чарбалары – 2 , малдын саны: 281 миңден ашык канаттуу.

Тектеш материалды окуу