Akchabarsearch
Министрлик: Жөнөкөй малдан асыл тукум мал алса болот

Жарыяланган

2026-05-03, 16:35

Министрлик: Жөнөкөй малдан асыл тукум мал алса болот

Айыл чарба министрлиги жөнөкөй малдан да асыл тукум мал алууга болорун билдирди. 

Министрлик белгилегендей, мамлекет бир жылдан бери малчыларга уйларды жасалма уруктандыруу үчүн "Швиц", "Симментал", "Голштино-фриз" жана "Абердин-ангус" породаларындагы асыл тукум малдардын уругун акысыз берип жатат. 

Ошондуктан министрлик мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, айыл жерлериндеги техник-уруктандыруучуга кайрылып, уйларды жасалма уруктандырууну сунуштайт.

Көптөрдү кызыктырган суроо: 

Жасалма уруктандыруудан кийин туулган торпок канчалык асыл тукум болот? 

Министрлик буга жөнөкөй мисал менен түшүндүрүүдө:

Эгерде сиз кадимки уюңузду асыл тукум буканын уругу менен уруктандырсаңыз: 

1-туутта туулган торпок 50% асыл тукум болот. Ал торпок чоңойгондо, аны кайра асыл тукум буканын уругу менен уруктандырсаңыз: 

2-тууттагы торпок 75% асыл тукум болот. Үчүнчү жолу дагы ушундай жол менен уруктандырсаңыз: 

3-тууттагы торпок 95% асыл тукум болуп калат. Ал эми төртүнчү жолу асыл тукум буканын уругу менен уруктандырганда: 

4-тууттагы торпок таза кандуу асыл тукум мал болуп эсептелет. 

“Башкача айтканда, жыл сайын жасалма уруктандырууну колдонуу менен 3–4 муунда уйларыңыз толугу менен асыл тукум малга айланып кетет”, - деп белгилейт министрлик.

Асыл тукум мал: 

• көбүрөөк сүт берет

• бат семирет 

• баасы кымбат болот 

• көбүрөөк киреше алып келет.


Тектеш материалды окуу