
Жарыяланган
2026-27-03, 11:06Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков айыл чарба тармагын өнүктүрүү багытында жаңы долбоорлорду талкуулашты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрликке айыл чарба иштеринде колдонулуучу 12 даана заманбап учкучсуз учуучу аппараттар (дрон) кайтарымсыз негизде берилди. Бул технология өсүмдүктөрдү коргоо, жерлерге мониторинг жүргүзүү жана жаан-чачынды жөнгө салуу иштеринде колдонулат.
Тараптар ошондой эле дрондорду эффективдүү колдонуу үчүн адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу борборун түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Келечекте бул багытта Кыргызстанга учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүчү завод куруу планы да каралууда.



