
Жарыяланган
2026-28-01, 11:27Өлкөдө төө чарбачылыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну, фермер Бото Күрөңкеевди кабыл алды.
Жолугушууда фермер Бото Күрөңкеев үй-бүлөсү 1980-жылдардан бери үзгүлтүксүз төө багып келе жатканын белгилеп, бүгүнкү күндө бул тармакты мындан ары өнүктүрүү жана Нарын облусунан башка аймактарга жайылтуу максатында демилгелерди көтөрүп жатканын билдирди.
Жаныбек Керималиев төө чарбачылыгын өнүктүрүүнүн келечеги, мал башын көбөйтүү, продукцияны кайра иштетүү жана рынокко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алышып, бул багытта мамлекеттик колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.



