Akchabarsearch
Өлкөдө негизги ашууларда жолдор ачык

Жарыяланган

2026-09-01, 11:09

Өлкөдө негизги ашууларда жолдор ачык

Бүгүн, 9-январь саат 10:30 го карата республиканын негизги ашууларында жол кыймылына эч кандай чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жол кырдаалы туруктуу болуп, бардык багыттарда каттамдар камсыздалууда.

Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Барскоон–Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда күн ачык, жол ачык. Каракол–Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн ачык жана каттам бар.

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн ачык, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн ачык, каттам бар.

Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.


Тектеш материалды окуу

  • Өлкөдө негизги ашууларда жолдор ачык

    Бүгүн, 9-январь саат 10:30 го карата республиканын негизги ашууларында жол кыймылына эч кандай чектөө жок.
    2026-09-01 05:09:27
  • Өлкө боюнча азык-түлүк жарманкелери уланууда

    Өлкө боюнча азык-түлүк жарманкелери уланууда. Бул тууралуу Суу ресурсы, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
    2026-08-01 04:28:56
  • Өлкөнүн ашууларында жол ачык

    Бүгүн, 31-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
    2025-31-12 09:30:37
  • Өлкөдө сасык тумоо менен ооругандардын саны 36 миңден ашты

    Кыргызстанда 24-ноябрдан 30-ноябрга чейинки бир жумада сасык тумоо менен ооругандардын саны 36 миңден ашты. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева УТРКга билдирди.
    2025-02-12 10:56:48